Кытайда туздун баасы боюнча 7-кылымдан бери иштеп келген мыйзам жокко чыгарылды

© flickr.com / Chris MartinТуз. Архивдик сүрөт
Туз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим 2017-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кытай бийлиги туздун баасын мамлекет аныктайт деп 7-кылымдан бери келе жаткан мыйзамды жокко чыгарганын РИА Новости билдирди. 

Буга чейин апрелде Кытайдын мамлекеттик кеңеши "Өлкөнүн туз тармагын реформалоонун түзүмдүк долбоорун" жарыялаган. Анда туз тармагын жөнгө салып, монополияны азайтып, ишкерлердин иштөөсүнө шарт түзүү керектиги айтылган.

"Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча Мамлекеттик комитети 2017-жылдын 1-январынан тарта туздун заводдон чыккан дүң жана чекене баасы эркин боло турганын жарыялады", — деп айтылат Мамлекеттик кеңеш тараткан билдирүүдө.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча учурда өлкөдө туз чыгарган 300дөй ишкана бар. Ошондой эле аны ташуу менен төрт миңден ашык ишкана кызмат көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0