Үч жылдан кийин тажик элинин саны 10 миллиондон ашат

© Sputnik / Искандар Аминов / Медиабанкка өтүүТажикистандын эгемендүүлүгүн майрамдоо, архив
Тажикистандын эгемендүүлүгүн майрамдоо, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстан калк санынын өсүү темпи боюнча КМШ ичинде алдыңкы катарга чыкты. 1998-жылдан бери элдин саны жыл сайын 2,1 пайызга өскөн.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын вице-спикери Хайринисо Юсуфи өлкө эгемендүүлүк жылдарында калктын санынын өсүшү боюнча КМШ ичинде алдыңкы катарда экенин айтты. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазып чыкты.

"Тажикстан калкынын саны 15 жылдан бери 26,3 пайызга өстү", — деди вице-спикер тегерек столдо.

Юсуфи Тажикстан эли 2015-жылы 8,37 миллион адамды түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, калктын саны 1998-жылдан бери жыл сайын 2,1 пайызга өсүп келет.

"Эгер ушундай темп менен өсүп отурса, 2020-жылы элдин саны 10,65 миллионго жетет", — деди ал. 

Атка минер учурда өлкөдө 8,551 тажикстандык жашай турганын, анын басымдуу бөлүгү жаштар экенин, бир пенсионерге 7,4 ишке жарамдуу адам туура келери белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0