Баян Есентаева сотто күйөөсүн кечирип, аны эркинен ажыратпоону суранды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Снимок с социальной сети Facebook пользователя Баян Есентаевой. Известный казахстанский продюсер Баян Есентаева. Архивное фото
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Баян Есентаевой. Известный казахстанский продюсер Баян Есентаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз жубайынын өмүрүнө кол салууга шектелип жаткан Бахытбек Есентаевдин иши бүгүн Талды-Коргандагы райондор аралык сотунда каралып жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Казакстандык продюсер Баян Максат кызы (Есентаева) жолдошун кечирип, аны эркинен ажыратпоону өтүнүп жатканын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Шаршемби күнү өткөн соттук отурумдун жүрүшүндө продюсер жолдошун камакка алдырууга каршы экендиги белгилүү болду. 

"Ал жолдошун кечирип ага башка жаза колдонууну суранды. Менимче Баян акылдуулук кылды", — деп журналисттерге доогердин адвокаты Марат Аскарбеков билдирди.

Жактоочу мындай чечим экөөнүн ортосунда эки бала бар болгондугуна байланыштуу болушу ыктымал экенин кыйытты. 

Белгилүү болгондой Баян Есентаева башка адвокаттардан дагы баш тарткан. 

instagram социалдык сайтынын Айсауле Есентаеванын баракчасынан тартылып алынган кадр - Sputnik Кыргызстан
Баян Есентаеванын кызы сотто атасын коргоодон баш тартты
Өз жубайынын өмүрүнө кол салууга шектелип жаткан Бахытбек Есентаевдин иши бүгүн Талдыкоргандагы райондор аралык сотунда каралып жатат. Соттук процесс жабык режимде өтүүдө. 

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда продюсер, актриса, телеалпаруучу Баян Есентаева бычакталып ооруканага жеткирилген. 

Соттолуучуга кылмыш жаза кодексинин 24-беренеси "адам өмүрүнө кол салуу", 99-берене "адам өлтүрүү", 120-берене "зордуктоо" жана 121-берене "сексуалдык маанайдагы зомбулук" боюнча кылмыш иши козголгон

Сентябрдын акырында актриса социалдык тармактагы баракчасына фамилиясын Максат кызы деп өзгөрткөнүн жазган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0