Кытай космонавттары башка планета мүчөлөрүн кезиктирүүнү үмүт кылат

© NASAМиссия AIDA: американцы собьют астероид-"убийцу", Европа будет наблюдать
Миссия AIDA: американцы собьют астероид-убийцу, Европа будет наблюдать - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Шэньчжоу-11" космостук кемеси Кытайдан учурулуп, ал жакта 33 күн илимий изилдөө жүргүзөт.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. "Шэньчжоу-11" экипажынын учкучу Чэнь Дун башка планета мүчөлөрүн кезиктире электигин, бирок жолуктурууга үмүт кылаарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өткөн аптада Кытай "Цзюцюань" космодромунан "Шэньчжоу-11" космостук кемесин учурган. Кемени экипаждын капитаны Цзин Хайпэн менен Чэнь Дун башкарууда.

"Жер планетасы менен байланышкан учкуч Чэнь Дун буга чейин мектеп окуучусу кат жазып, башкы планета мүчөлөрү тууралуу сурагандыгын айтып, азырынча аларды кезиктире электигин жазган", — деп айтылат маалыматта.

Чэнь Дун космоско алгачкы ирет учуп жатат. Алар ал жакта 33 күн жүрүп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0