Казакстанда Чыңгыз Айтматовдун урматына эл аралык сынак жарыяланды

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЧингиз Айтматов в своем рабочем кабинете
Чингиз Айтматов в своем рабочем кабинете - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгектер кыргыз, орус жана казак тилдеринде 10-декабрга чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 21-ноя. – Sputnik. Казакстанда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган дил баян жазуу боюнча эл аралык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Казакстандагы кыргыздардын диаспорасынын жетекчиси Шавкат Исмаилов билдирди.

Конкурсту диаспора, элчилик, Лев Гумилев жана Ишеналы Арабаев атындагы университеттери уюштуруп жатат.

"Ишеналы Арабаев атындагы университет Кыргызстанда уюштурса, биз Казакстанда өткөрөбүз. Ал эми КРдин Казакстандагы элчилиги Тышкы иштер министрлигинин жардамы менен башка өлкөлөрдө уюштурат. Сынак 22-декабрь күнү жыйынтыкталат", — деди Исмаилов.

Эмгектер кыргыз, орус жана казак тилдеринде 10-декабрга чейин кабыл алынат. Кененирээк маалыматты КРдин Казакстандагы элчилигинин сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0