Казакстандык мушкер кыз "Игра престолов" сериалына тартылышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды Кадырбековsharipova_firuza колдонуучусунун Instagram баракчасынан тартылган сүрөт. Казакстандык мушкер кыз Фируза Шарипова
sharipova_firuza колдонуучусунун Instagram баракчасынан тартылган сүрөт. Казакстандык мушкер кыз Фируза Шарипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Голливуд продюссерлери Фируза Шарипова сериалдын жетинчи сезонуна тартылышы мүмкүн экендигин айтышты.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Казакстандык мушкер кыз Фируза Шарипова атактуу "Игра престолов" сериалына тартылып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигине спортчунун менеджери Сергей Завилейский билдирди. 

💪💪💪

Фото опубликовано Firuza Sharipova (@sharipova_firuza) Июл 20 2016 в 9:30 PDT

Анын айтымында Шарипова сериалдын жетинчи сезонуна тартылышы мүмкүн. Ал буга чейин "Евразия барысы" турниринде алып баруучу болгон. 

"Голливуддагы телепродюсер досторум мендеги жаңылыктарга көз салып турушат. Фирузанын алып баруучулук өнөрү көптөргө жаккан. Мага кечээ телефон чалышып спортчунун партфолиосун сурашты. Биз сүрөтүн гана жөнөткөнбүз. Эми видео сурап жатышат. Алар "Игра престолов" тасмасынын түзүүчүлөрүнө Фирузаны тартууну сунушташты", — деди Завилейский. 

#субботатакаясуббота🙃

Фото опубликовано Firuza Sharipova (@sharipova_firuza) Окт 29 2016 в 1:24 PDT

Ал белгилегендей спортчу кыз Дейнерис Таргариендин жан сакчысынын ролун аткарууну каалап жаткандыгын айтып бирок чечимди баары бир режиссерлор чыгарарын белгиледи. 

"Игра престолов" Голливуд тарабынан тартылган атактуу сериал. Учурда дүйнөнүн жүздөгөн өлкөсүндө көрсөтүлүп, бир нече тилге которулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0