Экологдор: Азия менен Африканын гепарддары жакын арада жок болушу мүмкүн

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосковскому зоопарку - 150 лет
Московскому зоопарку - 150 лет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар БУУну, Африка өлкөлөрүн жана Иранды гепарддарды сактап калуу үчүн тиешелүү аракеттерди көрүүгө чакырууда.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Африка менен Азия өлкөлөрүндө гепарддар 70-90 пайызга азайып, байырлаган аймактары 98 пайызга тарыды. Бул тууралуу РИА Новости Proceedings of the National Academy of Sciences журналына шилтеме жасап маалымдайт. 

Улуу Британиянын зоологиялык коомунун окумуштууларынын билдирүүсүнө ылайык, гепарддар жашап келген аймактар алардын тукум улоосуна кооптуу болуп калды. 

"Бул жаныбарлар жашыруун жашагандыктан байкоо жүргүзүү кыйын болду. Мындан улам алардын көйгөйлөрүнө көпчүлүк окумуштуулар дагы кызыкчу эмес. Изилдөөдө гепарддар байырлаган аймактарды колдоо зарылдыгы жана алардын жашоосунда көптөгөн коркунучтар бар экендиги белгилүү болду. Себеби буга чейинки божомолдорго салыштырмалуу жаныбарлардын жок болуп кетүү коркунучу күч алып келе жатат", —деди коомдун мүчөсү Сара Дюран. 

Окумуштуулар Африка жана Азия гепарддарын өз-өзүнчө бөлүп изилдешкен. Анткении африкалык гепарддар алыс аймактарга миграцияланса, азиялыктар өзү байырлаган жерден алыс кетпейт. Учурда азиялык гепарддар Ирандын улуттук парктары менен коруктарында гана калган. Ал эми Индия алардын санын көбөйтүү аракетинде. 

Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
National Geographic: Кыргызстан илбирстер үчүн баш калка боло алат
Гепарддардын азайып кетишине адамдардын аңчылыгы менен байырлаган жердин тарышы себеп болгон. Мисалга Африкада 7000 гепард буга чейин байырлап келген аймактын 9 пайызында гана жашайт. Эгер гепарддар байырлаган өлкөлөрдүн бийлиги тиешелүү аракеттерди көрбөсө жакынкы жылдары жоголуп кетүү коркунучу бар. Мисалга Зимбабве өлкөсүндө 10 жыл ичинде алардын саны 1200дөн 170ге чейин азайган. Ал эми азиялык гепарддардан 43 баш гана калган.

Дагы бир коркунучтуу фактор — гепарддардын 77 пайызы коруктар менен жаратылышты коргоо зоналарынан тышкары жашайт. Эгер жогоруда аталган абал дагы 5-10 жыл сакталса, алардын саны эки эсеге азаят. Мындан улам изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар БУУну, Африка өлкөлөрүн жана Иранды аларды сактап калуу үчүн тиешелүү аракеттерди көрүүгө чакырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0