Баян Есентаева турмушка чыкканын жарыялады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя bayanmaxatkyzy. Известный казахстанский продюсер Баян Максаткызы и бизнесмен Турсынгали Алагузов
Снимок с социальной сети Instagram пользователя bayanmaxatkyzy. Известный казахстанский продюсер Баян Максаткызы и бизнесмен Турсынгали Алагузов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарым жыл мурда продюсер өзүнүн жолдошу тарабынан сабалып, бычакталган. Есентаева жолдошун сотто кечиргени менен ал тогуз жылга эркинен ажыратылган.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Казакстандык белгилүү продюсер Баян Максат кызы (Есентаева) социалдык тармактагы баракчасына турмушка чыккандыгы тууралуу жарыялады.

Есентаева өзүнүн Instagram тармагындагы жаңы баракчасына "Galanz Bottlers" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы, бизнесмен Турсынгали Алагузовго турмушка чыккандыгын жазган.

Фото опубликовано Bayan Maxatkyzy (@bayanmaxatkyzy) Янв 22 2017 в 7:05 PST

Баян Есентаева былтыр 10-июнь күнү бычакталып Талгар шаарынын ооруканасына жаткырылган. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү Бахытбек Есентаев кармалган. "Ден соолукка олуттуу зыян келтиргени үчүн" деген берене кийин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен алмаштырылган. Есентаева жолдошун сотто кечиргени менен ал тогуз жылга эркинен ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0