Кыргызстандагы революцияны "каржылаган" Аблязов ЖМК аркылуу Астанага суракка чакырылды

© Sputnik / Владимир Третьяков / Медиабанкка өтүү"БТА Банктын" мурдагы топ-менеджери Мухтар Аблязовдун архивдик сүрөтү
БТА Банктын мурдагы топ-менеджери Мухтар Аблязовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын тергөө органдары Мухтар Аблязовду 10-февралда ЖМК аркылуу Астанага сурак берүү үчүн чакырышты.

БИШКЕК, 2-фев. – Sputnik. "БТА Банктын" мурдагы топ-менеджери Мухтар Аблязов ЖМК аркылуу Астанага суракка берүүгө чакырылганын Sputnik Казакстан агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, тергөө учурунда коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Аблязов менен анын тааныштарынын мыйзамсыз башка аракеттерин далилдеп, банктан уурдалган каражаттарды адалдоонун жаңы схемасынын бети ачылган.

"Аблязов 2017-жылдын 10-февралында саат 17.00гө чейин Коррупцияга каршы күрөшүү Улуттук бюронун административдик имаратына келиши керек", — деп айтылат маалыматта.

Январь айынын аягында БТА Банктын башкармалыгынын төрага орун басары Жаксылык Жаримбетов Түркиядан Казакстанга экстрадицияланган. Ал Түркиядан жасалма паспорт менен кармалган.

Снимок с официальной страницы Международной организации уголовной полиции (Интерпол) - Sputnik Кыргызстан
Интерпол издөөгө алган кыргызстандык кыз-келиндер
Казакстандын "БТА Банкынын" мурдагы башчысы Аблязов Казакстанда гана эмес, Россияда жана Украинада, Европанын Швейцария сыяктуу бир катар өлкөлөрүндө издөөдө жүрөт.

Казакстан менен Франциянын ортосунда экстрадиция тууралуу келишим болбогондуктан, аны өткөрүп алууга азыр Россия менен Украина аракет кылып жатат. Бирок Франциянын мамлекеттик кеңеши Мухтар Аблязовду Россияга экстрадициялоо боюнча токтомду жокко чыгарган.

Аблязов Казакстанда мүлктү максатсыз пайдаланууга, кылмыштык кирешелерди мыйзамдаштырууга, банктын каражаттарын жеке максатта колдонууга, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана кылмыштуу топту уюштуруу боюнча күнөөлөнүп, өзүнүн жана жакындарынын келтирген зыяны 7,5 миллиард долларга бааланган.

Аблязов франциянын Liberation гезитине берген маегинде Кыргызстандагы 2005-жылкы революцияны каржылаганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0