Түркмөнстандагы президенттик шайлоого 4 сааттын ичинде шайлоочулардын 51% катышты

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүДворец президента Туркмении в Ашхабаде
Дворец президента Туркмении в Ашхабаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Добуш берүү жекшемби күнү 07.00дө башталып 19:00гө чейин уланмакчы.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, добуш берүү жекшемби күнү 07.00дө башталып 19.00гө чейин уланмакчы.

"Учурда Түркмөнстанда 2587 шайлоо участкасы иштеп жатса, анын 39у Түркмөнстандын чет жактагы дипломатиялык элчиликтеринде жайгашкан. Президенттик тактыга азыркы өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедовду кошкондо сегиз талапкер ат салышып жатат ", — деп жазылат маалыматта.

Саат 12.00гө карата (Бишкек убактысы) шайлоочулардын 51 пайыздан ашыгы добуш берүүгө жетишкен.

Өлкөнүн баш мыйзамына ылайык, шайлана турган президент Түркмөнстандын жараны болуп, 40 жаштан жаш болбоого тийиш. Мындан сырткары, мамлекеттик тилди билген, 15 жылдан бери Түркмөнстанда жашап, иштеп жүргөн адам болуусу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0