Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев апрелде Россияга барат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Узбекистан
Визит президента РФ В. Путина в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шавкат Мирзиёев Владимир Путинден сырткары Россиянын парламенти менен да жолугат.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев апрель айына белгиленген биринчи расмий сапарын Россиядан баштайт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Премьер-министр РФ Владимир Путин прибыл в Болгарию - Sputnik Кыргызстан
Путин Кыргызстанга февралдын аягында келет
Учурда өзбек президентинин Москвага болчу сапарына активдүү даярдыктар көрүлүп жатат.

Шавкат Мирзиёев Владимир Путинден сырткары Россиянын парламенти менен да жолугат.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында өзбек президенти Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаевдин жеке чакыруусу менен келери пландалууда.

2016-жылы декабрь айынын аягында Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга жумушчу иш-сапары менен барып, Мирзиёевдин президент катары алгачкы ирет жолуккан өлкө башчысы болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0