Баян Есентаева мурдагы күйөөсүнө карата сот чечимин өзгөртүүнү суранып жатат

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Снимок с социальной сети Facebook пользователя Баян Есентаевой. Известный казахстанский продюсер Баян Есентаева. Архивное фото
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Баян Есентаевой. Известный казахстанский продюсер Баян Есентаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Есентаева күйөөсүн кечиргендигин билдирип, соттон аны эркинен ажыратпоону суранган. Бирок Есентаев тогуз жылга соттолуп кеткен.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Казакстандык продюсер Баян Максаткызы (Есентаева) мурдагы жолдошу Бахытбек Есентаевге байланыштуу сот чечимин карап берүүнү өтүнүп Жогорку Сотко кайрылгандыгын Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Бахытбек Есентаев өзүнүн мурдагы аялы Баян Есентаеванын өмүрүнө кол салды деген күнөө менен тогуз жылга эркинен ажыратылган.

"Жогорку сотко Есентаевге карата чыккан чечимди кайра карап берүү өтүнүчү менен соттолуучунун дагы, Баян Максаткызынын дагы адвокаттары кайрылды", — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Эске салсак, былтыр 10-июнда белигилүү продюсер Баян Есентаева катуу сабалып жана бычакталып ооруканага түшкөн.

Кылмышка шектүү делип анан жолдошу Бахытбек Есентаев камакка алынган.

Кийинчерээк Есентаева күйөөсүн кечиргендигин билдирип, соттон аны эркинен ажыратпоону суранган.

Ал эми сот Есентаев оор кылмыш кылгандыктан, эркинен ажыратпай кое албай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0