Кытай: 4-кабатта турган ата-эненин колунан эки баласы түшүп кетип каза болду

© AP Photo / Ng Han GuanСкорая помощь в Китае
Скорая помощь в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя дүйшөмбү күнү Тяньцзинь шаарындагы соода борборунун биринде катталган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кытайда соода үйлөрдүн биринде төртүнчү кабаттан эки кичинекей бала ата-энесинин колунан кулап каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Sina порталына таянып билдирди.

Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто эки наристе каза болду. Бирөө сууга акса, экинчиси бийиктиктен кулаган
Окуя дүйшөмбү күнү Тяньцзинь шаарындагы соода борборунун биринде катталган.

Соода борборунун администрациясынын маалыматына ылайык, ата-энелердин бири 4-кабатта айнек тосмолордун жанында кетип бара жатканда, колунан бир баласы кулап кеткен. Аата-эне баласын кармап калууга аракет кылганда колунан экинчи баласы да кулап түшкөн. Катуу алган жаракаттан улам эки бала тең ошол жерден көз жумган.

Учурда болгон окуя боюнча тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0