Кытайдагы археолог казууда. Архивдик сүрөт

Кытайда 700 жыл мурунку кыштан тургузулган күмбөз табылды

227
Мүрзөлөрдөн археологдор ар түрдүү статуэтка, фарфордон жасалган буюмдарды жана жазуу документтерин кездештирген.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кытайдын Сычуань облусунда археологдор 700 мурунку кыштан тургузулган күмбөз табышкан. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берип маалымдады.

Мындай табылга Чэнду шаардык округунун Далян кыштагынын аймагынан чыккан. Археологдордун айтымында, бул мүрзөлөр биздин заманга чейинки 960-1279-жылдагы Сун династиясы пайда болгон убакытка тиешелүү.

Кыштан тургузулган мүрзөлөрдөн археологдор ар түрдүү статуэтка, фарфордон жасалган буюмдарды жана жазуу документтерин кездештирген.

227
Белгилер:
археология, табылга, мүрзө, Кытай
Тема боюнча
Грецияда уурдалып кеткен байыркы саркофагды АКШ кайтарып берди
Ун кампасы. Архив

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

85
(жаңыланган 09:42 07.05.2021)
Токаевдин маалымат катчысы эки элдин мурдатан келе жаткан достугун, бир туугандыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүн эске салган.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Казакстан кыргызстандыктарга гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун берерин мамлекет башчынын маалымат катчысы Берик Уали билдирген.

"Кыргызстан менен мурдатан келе жаткан достук, союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк бар. Президент Касым-Жомарт Токаев бир тууган кыргыз элине казак элинин атынан жардам көрсөтүүнү чечти. Кошуна өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт", — деп жазган ал Facebook тармагындагы баракчасына.

Маалымат катчы өкмөт учурда Токаевдин тапшырмасын аткарууга киришкендигин кошумчалаган.

85
Белгилер:
ун, гуманитардык жардам, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Токаев Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады
Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылындагы талкаланган имарат

Тажикстан чек ара чырында канча жараны өлгөнү боюнча расмий маалымат берди

312
(жаңыланган 17:48 06.05.2021)
Буга чейин деле тажик тараптан 19 киши каза тапкандыгы тууралуу айтылып жүргөн, бирок бул маалыматты бийлик расмий тастыктай элек болчу.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Тажикстан бийлиги кыргыз-тажик жаңжалында 19 жараны каза болгондугу тууралуу расмий маалымат берди. Бул тууралуу Согди облустук администрациясынын маалымат кызматына таянып Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

"Облус жетекчилиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жаракат алгандарга материалдык жардам көрсөттү. Бул үчүн мамлекет 3 миллион сомони (22 миллион сомдун тегереги) бөлдү", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин деле тажик тараптан 19 киши каза тапкандыгы тууралуу айтылып жүргөн, бирок бул маалыматты бийлик расмий тастыктай элек болчу.

Эске салсак, адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кеткен. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түшкөн.

312
Белгилер:
расмий маалымат, өлүм, жаран, Тажикстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Женевадагы мекендештер чек ара жаңжалы боюнча эл аралык уюмдарга кайрылды. Видео
Баткен районундагы турак жайдын фундаментин салуусу. Архив

Кармышаков: курулуш компаниялары баткендиктерге күзгө чейин үй салып берет

0
Экономика министри өкмөттүн атынан өз каалоосу менен үй салып берем деген ишкер, курулуш компанияларынын жетекчилерине ыраазчылык билдирди.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өкмөт менен жолугушуу учурунда курулуш компаниялары Баткенде чек ара чырынан турак жайы жок калгандарга 1-сентябрга чейин үй салып берүү ниетин билдиришти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, азыр качкындардын баарына убактылуу жашап туруу үчүн ӨКМдин чатырлары берилген.

"Президент үй-жайынан ажырагандардын баарына там салып берүү тапшырмасын койду. Бул багыт боюнча министрлер кабинети ишкерлер, анын ичинде курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдүк. Алар 1-сентябрга чейин жабыркагандарга бардык шарты менен үй салып берүү ниетин билдиришти", — деди экономика министри.

Кармышаков курулуш компанияларынын бири 30 үй салып берүүнү убадаласа, кээ бири 10, айрымдары 6-8ден там салууну айтышканын белгиледи.

"Жардам берем дегендер көп. Биз алардын баарын чогултуп туура жолго багытташыбыз керек. Республикалык бюджеттен кошумча 700 миллион сом бөлдүк. Анын 200 миллиону талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн ӨКМге берилсе, 500 миллиону чек ара чырынан жабыркаган башка объектилерди оңдоого жумшалат" — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары социалдык объектилер республикалык бюджеттин эсебинен оңдоло турганын кошумчалады.

Ал өкмөттүн атынан өз каалоосу менен үй салып берем деген ишкер, курулуш компанияларынын жетекчилерине ыраазчылык билдирди.

0
Белгилер:
чыр, чек ара, курулуш, үй, жардам, Улукбек Кармышаков, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек