Баян Есентаева тууралуу суроолор жалпы республикалык тестирлөөгө кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети instagram пользователя bayanmaxatkyzy. Известный продюсер Баян Максаткызы (прежняя фамилия — Есентаева)
Снимок с социальной сети instagram пользователя bayanmaxatkyzy. Известный продюсер Баян Максаткызы (прежняя фамилия — Есентаева) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тест түзүүчүлөрдүн айтымында, экзамен мамлекеттик стандарттарга туура келет.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Казакстанда белгилүү продюсер Баян Максаткызы (мурдагы фамилиясы Есентаева) жана режиссер Нуртас Адамбаев тууралуу суроолор бирдиктүү улуттук тестирлөөгө (Кыргызстандагы жалпы республикалык тестирлөөнүн анологу) киргизилгенин Sputnik Казакстан агенттиги КТК телеканалына таянуу менен билдирди. 

Подготовка школ к новому учебному году в Казани - Sputnik Кыргызстан
Президент мектеп оңдоого бөлүнгөн каражатты тыкыр көзөмөлдөө керектигин айтты
Көнүгүүлөр республикалык гезитке жарыяланган. Көнүгүүлөрдүн биринде авторлор казак режиссеру Ермек Турсуновдун Есентаева жана Адамбаев тууралуу айткан маегин колдонушкан. Андан кийин окуучулар бир нече суроого жооп бериши керек. Коомчулук мындай суроолорго тынчсызданганын билдирип, окуучулар казак шоу-бизнесин эмес, мектеп программасын окушу керектигин айтышкан. Бирок авторлор мындай суроолор окуучунун тексттеги маанини түшүнүүгө жардам берерин белгилешет.

"Мындай аракет коомчулуктун көңүлүн бирдиктүү улуттук тестирлөөнүн сынамык түрүн колдонуп көрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенине буруу үчүн жасалган. Тесттин өзүндөгү көнүгүүлөр милдеттүү мамлекеттик билим берүү стандарттарына туура келет", — деди Улуттук тестирлөө борборунун директору Рамазан Алимкулов.

Буга чейин Казакстандын Билим берүү министрлиги бирдиктүү улуттук тестирлөөнүн жаңы форматын тааныштырган. Ага ылайык, экзамендин жыйынтыгы менен бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларга тапшыра алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0