Девушка ее мама из Костаная исполняют совместный танец. Фото со страницы Instagram пользователя assita_k

"Пусть говорят" программасы Казакстандагы бийчи кыз менен энесине издөө салды

3313
(жаңыланган 20:33 03.03.2017)
Костанай шаарынын эки тургунунун бийлеген видеосу интернетке чыгып социалдык тармактарда популярдуулукка ээ болгон.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Пусть говорят" телепрограммасынын редакторлору кызы менен энеси бийлеген видеонун каармандарын издеп жаткандыгын Sputnik Казакстан жазып чыкты. 

Жамиля менен Асем Кулмухамбетовдорду телепрограмманын "Аффтар жжот" берүүсүнө чакыруу көздөлүп жатат. Кулмухамбетовдордун видеосу Россиянын Биринчи каналы аркылуу 1-мартта көрсөтүлгөн. Телеканалдын редакциясы кимдир бирөө аларды тааныса кабар берүүнү өтүнгөн.

С-Синхронность 😂 Хэштег: #МамаЗажигай 👯

Публикация от ✨U M I R Z A K O V N A✨ (@assita_k) Июн 6 2016 в 12:24 PDT

Ал эми Асем өзү апасы экөөбүн россиялык тележурналисттер издеп жаткандыгы тууралуу кабардар экенин билдирди.

"Биз өзүбүз көргөн эмеспиз, бирок телефон чалып айткандар көп болду. Бул теманын үстүндө апам экөөбүз сүйлөшө элекпиз. Эгер чакырып калышса барбайбыз го", — деди Асем.

Аталган видео өткөн жылдын жай айларында жарыяланып казакстандыктар арасында популярдуулукка ээ болгон. Аны жергиликтүү телеканалдардын бири дагы көрсөткөн. Коомчулуктун жакшы-жаман пикирлери Асемдин апасын капаланткан. Кийин Асем мындай видеолорду экинчи тартпай турганын билдирген.

3313
Белгилер:
телеберүү, видео, бий, Казакстан
Тема боюнча
Туулган күнүндө бийлеген 100 жаштагы кемпир интернет жылдызына айланды
Малаховдун "Пусть говорят" программасына катышкан MC_Doncha элдин боорун эзди
Коргоочу костюм кийген медицина кызматкери. Архив

Куш тумоо эпидемиясы Кыргызстандын чек арасына жакындап келе жатат

271
Маалыматка караганда, Казактандын Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунан 238 канаттуу өлдү (алтоо акыркы суткада).

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандын түндүгүндө чыккан куш тумоо эпидемиясы өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен аймагына чейин жетип келди.

Эске салсак, Казакстанда куш тумоосу 9-сентябрь күнү расмий катталган. Өлкө бийлиги бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна маалымат берип, айрым айылдар карантинге жабылган.

Sputnik Казакстан агенттигини жазганына караганда, өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунан 238 канаттуу өлдү (алтоо акыркы суткада).

Романов: канаттуулар тумоосу келгин куштар аркылуу жугат

"Акыркы учурда жети облустагы жеке чарбаларда 20 миң, атайын фабрикаларда 203 миң баш канаттуу жок болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстанда жыл башынан бери куш тумоосуна каршы 3 377 900 вакцина даярдалган. Учурда дагы 699 355 доза сатып алынууда.

271
Белгилер:
эпидемия, куш тумоосу, Казакстан
Тема боюнча
Куш тумоосунан улам Казакстан Россия менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Казакстандын желеги. Архивдик сүрөт

Казакстан расмий түрдө өлүм жазасын жокко чыгарды

104
(жаңыланган 12:33 24.09.2020)
Казакстан өлүм жазасын алып салган эл аралык протоколго кошулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров өлүм жазасын жокко чыгарган жарандык жана саясий укук жөнүндөгү Эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Өлүм жазасын жокко чыгарган эл аралык протоколго кошулуу чечими кабыл алынганын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев дагы өзүнүн БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып билдирген.

Ал Казакстан жалпы негиз болуп берген жашоо укугун жана адамдык ариетти колдой турганын белгилеген.

104
Белгилер:
БУУ, өлүм жазасы, Казакстан
Тема боюнча
Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду
АКШда өлүм жазасына кесилген киши 37 жылдан кийин акталып, абактан чыкты
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

0
(жаңыланган 21:08 26.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш  жарыялаган жаңы кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай койбойт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! "Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын" коркутту. Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга "биз силерге баратабыз" дегендей сөөмөй кезеди.

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: "Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет" деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу "берлиндик бейтаптын" тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду, Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында "Путин! Путин!" деп жапырт кыйкыргандарга "эскертүү" болду окшойт.

Бул "маселени" жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немец тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы. — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

RT берүүлөрүнө салынган тыюу: Батыш Россияга кантип каршы иштөөнү билбей калды

Эмнеге немец гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алгысы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында "шек жаратууну" көздөйт.

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери "уулануу" боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин "даярдыксыздыгы" менен түшүндүрөт. Аларды тек гана "туура багыттоо" зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине "туура" эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи, сенсациялык "фактылардын" чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушу менен да түшүндүрүлөт. Анткени булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык "Лиганын" жеңишинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. "Лигага" байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал Россияга акча которуп турган" дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга "которулганы" деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери "рублди да, матрешканы да" эч ким таба албаганы тууралуу "Лиганын" лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа "саткын" деп жарыялагандарды тегиз тазалоо жана коркутуу менен бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

0
Белгилер:
ЖМК, маалымат каражаттары, Геосаясат, Европа, Россия
Тема боюнча
Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы — кылмыш