Тажикстанда тажыядан келе жаткандар жол кырсыгына кабылып, алты адам мүрт кетти

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык эл сөөктү мүрзөгө коюп кайткандан кийин болуп, каза тапкандардын баары жаш жигиттер экени аныкталды.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Тажикстандын борбор калаасы Душанбеге жакын жайгашкан Вахдат аймагында өлүк коюп келе жаткандар автокырсыкка кабылып, алты киши мерт болду. Бул туурасында Sputnik Тажикстан ИИМге таянып кабарлады. 

Наезд автобуса в толпу людей на Гаити - Sputnik Кыргызстан
Гаити: топтолгон элди тебелеп кеткен автобус 38 адамдын өмүрүн алды
Маалыматта каза тапкандардын баары жаш жигиттер экени айтылат.

Кырсыкка кабылгандар көрүстөндөн "ЗиЛ" автоунаасынын үстүнө түшүп кайтып келе жатышкан. ИИМдин маалымат кызматы автоунаанын тормозу кармабай, кыядан түшүп келе жатканда бир нече ирет ала салып кеткенин кабарлады.

20дан ашык киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. Мурдагы маалыматтарда жети адамдын каза тапканы айтылган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0