Казакстанда аялды барымтага алган кишини полиция атып салды

© Sputnik / Табылды КадырбековНасилие над женщинами в Кыргызстане
Насилие над женщинами в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атып өлтүрүлгөн киши ага аялын алып келип берүүнү талап кылган. Сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан эмес.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстандын Актөбө шаарында бейтааныш киши стоматология клиникасында администратор аялды барымтага алып, бир нече күн мурун ажырашып кеткен аялын алып келүүнү талап кылган. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жыйынтык бербеген соң ал атып өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына 14-мартта саат 19:00дөр чамасында белгисиз киши клиниканын администраторун барымтага алганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Ички иштер департаментинин жетекчисинин орун басары Арыстангани Заппаровдун берген маалыматына ылайык, бейтааныш киши ооруканада жашынып калган аялын чыгарып берүүнү талап кылган. Алынган акыркы маалыматтар боюнча 24 жаштагы жаран аялы менен 7-мартта ажырашып кеткен.

Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
Согуштун 91 жаштагы ардагерине кол салган аялдар кармалды
Ал ушул эле күнү мурдагы аялын өлтүрөм деп кайындарына барып, кайненесин бычак менен сайып жиберген. Учурда ал ооруканада, абалы орто деп бааланууда.

Шаар полициясы жана прокуратурасы беш сааттай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок андан жыйынтык чыккан эмес, жакындары менен да сүйлөшүүдөн баш тарткан. Акыры полиция мыйзамда каралган нормалардын негизинде кишиге курал колдонууга аргасыз болгон.

Учурда барымтага алынган аялдын абалы жакшы, куткаруу учурунда ал жабыркаган эмес. Бирок психологиялык жактан жабыркагандыктан ага дарыгер менен психологдор жардам берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0