Ноорузда төрөлгөн Алматынын эки миллионунчу жаранына үй белекке берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность городского перинатального центра в Бишкеке
Деятельность городского перинатального центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы төрөлгөн ымыркайдын 28 жаштагы энеси Жаркынай Еменакынова, Есик гуманитардык колледжинде психология мугалими, атасы Диас Шорманов мектеп директорунун орун басары болуп эмгектенет.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Нооруз күнүндө Казакстандын Алматы облусунун эки миллионунчу жараны төрөлдү. Ал наристеге өлкө башчысынын атынан Нурсултан деген ысым берилди. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, облустун эки миллионунчу жараны Есик шаарынын Енбекшиказак районунда төрөлгөн. Ал үй-бүлөгө жергиликтүү аймактын башчысы Амандык Баталов эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган.

"Башка энелер сыяктуу эле мага да бүгүн чоң майрам болуп жатат. Уулубуз жарык дүйнөгө келери менен батир белекке бергенине аябай кубанып турабыз. Ушундай шарт түзүп берген мамлекет жетекчилерине үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем. Ошондой эле ар бир аял энелик бакытка ээ болушун каалайм!", — деген кубанган эне.

Жаңы төрөлгөн ымыркайдын 28 жаштагы энеси Жаркынай Еменакынова, Есик гуманитардык колледжинде психология мугалими, атасы Диас Шорманов мектеп директорунун орун басары болуп эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0