Өзбекстанда сыра чыгарган эң чоң завод курулат

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүСыра заводу. Архив
Сыра заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Завод "Ташкентвино" комбинатынын демилгеси менен аталган объект 2019-жылы курула баштайт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өзбекстанда 2019-жылы эң чоң сыра заводу курулат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди. 

Заводду курууну "Ташкентвино" комбинаты демилгелеп жатат.

"Ал Жизак облусунун Заамин районуна курулат. Бул эң ири завод болуп, жылына 30 миллион декалитрге чейин продукция чыгарат", — деп ишканадан маалымдашкан.

Церемонии открытия новую трамвайной ветки в Самарканде - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёев трамвайга түшүп алып Самарканд шаарын кыдырды
Заводдун курулушу 2019-жылга пландалган. Учурда жер бөлүнүп, даярдык көрүү иштери жүрүүдө.

Бул долбоорго чет элдик өнөктөштөр да катышары айтылууда, балким, бул жактагы сыралар немис компанияларынын биринин бренди менен чыгышы мүмкүн деп айтылат маалыматта.

Буга чейин кабарлангандай,  Өзбекстан 2017-жылдын 1-январынан тарта бир нече товарларга бажы салыгын көтөргөн. Мисалы, сыранын литрине коюлган салык дээрлик бир долларга чейин көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0