Тажикстанда 1-май эс алуу күндөрдүн катарынан чыгарылды

© Sputnik / Искандар Аминов / Медиабанкка өтүүДень Независимости Таджикистана
День Независимости Таджикистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим парламент тарабынан кабыл алынган.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Тажикстанда 1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү быйыл эс алуу күндөрдүн катарынан чыгарылганын Sputnik Тажикстан жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мындай чечим 2016-жылы парламент тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык 92 жылдан бери майрамдалып келген эмгекчилер күнү Тажикстандын мамлекеттик жана улуттук майрамы катары калып, бирок иш күн болот.

"1-май Советтер Союзунан бери майрамдалып келет. Бирок акыркы 10 жылдан бери Коммунисттик партиянын өкүлдөрү гана майрамдап калган", — деп Sputnik Тажикстан жазды.

Бүгүнкү күндө 1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү 142 мамлекетте белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0