Кытайда ата-эне өз баласын 33 жыл темир тор артында баккан

© AP Photo / Tsvangirayi MukwazhiЗадержанный правозащитник в Хараре, Зимбабве
Задержанный правозащитник в Хараре, Зимбабве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табылган киши темир торго алты жашында камалып, 39 жашында чыгарылды.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кытайда алты жашынан бери ата-энеси тарабынан темир торго камалып чоңойгон 39 жаштагы эркек боштондукка чыгарылгандыгын South China Morning Post басылмасы жазып чыкты.

Окуя Кытайдын Гуанси провинциясынын Бэйхай шаарында болгон.

Атасынын унаасынын артынан чуркаган үч эмдин видеосу көпчүлүктүн жүрөгүн элжиретти - Sputnik Кыргызстан
Атасынын унаасынын артынан чуркаган үч эмдин видеосу көпчүлүктүн жүрөгүн элжиретти
Табылган кишинин апасынын айтымында, 80-жылдары күйөөсү экөө баласынын таң калыштуу аракеттерин байкаган соң аны темир тор артында багууну туура көрүшкөн. Алты жашында камалган бала караңгы жана ным бөлмөдө күн көрүп чоңойгон.

Анын мындай шартта жашап жатканын кошуналары байкап калып, дарыгерлерди чакырышкан. Алар аны жергиликтүү ооруканага жеткиришкен. Текшерүү учурунда бейтап психикалык жактан оорулуу экендиги жана сүйлөй албай тургандыгы аныкталган. Ал ошондой эле ачкалыктан жабыр тартып келгени маалым болгон.

Учурда жарандын ата-энесине карата кандай чара көрүлө тургандыгы айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0