Мирзиёевдин жубайынын ажарын шамал ого бетер көркүнө чыгарды. Пекиндеги кадрлар

© AP Photo / Anvar Ilyasov / PoolПрезидент Узбекистана Шавкат Мирзиёев со своей семьей в Ташкенте
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев со своей семьей в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен Кытайга келди. Анын алкагында 100дөн ашык эки тараптуу келишимге кол коюу каралууда.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен Кытайга мамлекеттик сапар менен келди. Өзбек лидеринин сапары 15-майга чейин созулаарын Sputnik Өзбекстан агенттиги өлкө башчысынын маалымат кызматына таянуу менен жазып чыкты.

Ага ылайык, өзбек лидерин Пекиндеги "Шоуду" эл аралык аэропортунан ардак кароол менен тосуп алышты. Видеодо учактан түшүп келе жаткан биринчи айым шамалдан улам чачын улам-улам оңдоп жатканы көрүнүп турат.

Мирзиёев 12-13-майда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь, өлкөнүн премьери Ли Кэцян баштаган бир катар жогорку даражалуу жетекчилер менен жолугат.

Күн тартибинде эки мамлекеттин соода-экономикалык байланыштары, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0