Айдоочудан акча өндүргөн кичинекей "полиция" — казак ИИМи анын ата-энесин издөөдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин өкүлдөрү наристенин ата-энеси менен түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Казакстандын Ички иштер министрлиги кичинекей бала жолдун жээгине туруп алып, айдоочулардан айып пул "алып" жаткандыгы тууралуу видео боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды. 

Казакстандын ИИМинин мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин директору Алмас Садубаевдин айтымында, министрлик видеодогу баланын ата-энеси менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Анда полициянын формасын кийген наристе ары-бери өткөн айдоочулардан документтерин сурап, "айып" төлөтүп жатат.

"Биз видеону карап чыктык. Мында балага ата-энеси тараптан туура тарбия берилбей жатканы көрүнүп турат", — деп билдирди Садубаев Sputnik Казакстан агенттигине.

Анын айтымында, видеодогу бала унаа кыйма-чийме каттаган жерде туруп, наристенин өмүрүнө чоң коркунуч жаратып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0