Казакстанда эки айдан бери маяна албаган куруучулар жолду буушту

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЗавод железобетонных изделий №1 в Калининграде
Завод железобетонных изделий №1 в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулушчулар "Алматы арена" спорт комплексинин маңдайындагы Бауыржан Момышулы атындагы көчөнү тосушкан.

БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Казакстанда эки айдан бери маяна албаган куруучулар жолду буушту. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, курулушчулар "Алматы арена" спорт комплексинин маңдайындагы Бауыржан Момышулы атындагы көчөнү тосушкан.

"Ақтілек Құрылыс Компаниясы-2016" ишканасынын жумушчулары март, апрель айындагы маяналарын төлөө талабы менен бир канча убакытка жол тосушкан", — деп жазылат маалыматта.

Жаралган кырдаалга Алматы калаасынын миграция жана эмгек инспекциясы кийлигишип, жумушчулардын маяналары 22-майга чейин берилмей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0