Кытайда төрт жашар кыздан улам ресторандагылар эки жаат болуп мушташты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи женской драки
Случаи женской драки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт жаштагы кыздан улам ресторандын ичиндеги идиш-аяктар асманга учуп, тамак ичкени келгендер жеген ашы кайда кеткенин билбей да калды.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кытайдын Далянь шаарындагы ресторанга келгендер сүйлөшүүгө тоскоол болгон кичинекей кыздан улам жаалданып, акыры эки жаат болуп мушташып кетишкен. Бул туурасында РИА Новости The Daily Mail басылмасына таянып жазды. 

Гезиттин билдиргенине караганда, окуя Ляонин провинциясыдагы Далянь шаарында Hang Lung Plaza ресторанында болгон.

Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Кытайда операция маалында мушташып кеткен хирургдардын видеосу тарады
Мушташ камерага түшүп калган. Чатак ресторандагы столдорду аралап кичинекей балдардын ойноп жүргөнүнө аял-эркектин жини келгенинен улам чыккандыгы көрүнүп турат. Бир маалда эркек кишинин аракетине карабай аял тура калып, столдун артына жашынып, бурчта ойноп жаткан кичинекей кызды тээп-тээп жиберген.

Бул учурда энеси учуп жетип, кызын тепкилеп жаткан аял менен чапчыша кеткенин көрүүгө болот. Мындан соң беркилер карап тура албай, мушташ башталып кеткен.

Ал эми ресторандын кызматкерлеринин аларды арачалаганга аракет кылган алгач жыйынтык бербегени менен акыры ажыратып калышкан. Андан кийин кыздын энеси официант менен уруша кеткенин көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0