Күрөк кармаган киши. Архивдик сүрөт

Шымкентте 4 жашар баласын күрөк менен башка уруп кордук көрсөткөн киши кармалды

(жаңыланган 19:12 27.05.2017)
Соцтармактарда 25-май күнү белгисиз киши жаш баланы сабап жаткан видео тараган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Шымкентте төрт жашар баласын күрөк менен башка чаап кордогон киши укук корго органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Соцтармактарда 25-май күнү белгисиз киши жаш баланы сабап жаткан видео тараган. Андагы эркек киши кичинекей баланы дөңгөлөктөрдүн ортосуна камап алып күрөк менен башка чаап жатканы көрүнүп турат.

 

Житель 11 микрорайона Шымкента калечит собственного ребенка, уверяет автор видео —- В редакцию попали фото и видеосъемка, на которых предположительно отец бьет по голове лопатой 4-летнего сына, загоняя его таким образом в автомобильные резиновые шины. За всем наблюдают  молчаливые свидетели. По словам анонимного отправителя видео, изувер измывается над мальчиком ежедневно, нанося тяжелые удары по голове кирпичом, отчего у малыша регулярные синяки и кровоподтеки. Чтобы их убрать он часами заставляет его стоять под струей ледяной воды. ⠀ Также есть фото, где ребенок сидит в покрышках, похоже, это наказание. По предварительным данным, ребенок остался без матери и теперь живет с отцом. Мы направили запрос в ДВД.  Случаи избиения малолетних детей в области участились. ⠀ Напомним, на днях в областную детскую больницу с тяжелыми травмами и ожогами попал 7-летний мальчик, которого систематически избивала мать, жительница Ордабасинского района 1986-го года рождения. ⠀ 📰 tvk-uko.kz #shymkent #шымкент

Публикация от Шымкент Онлайн (@shymkent.online) Май 25 2017 в 2:04 PDT

 

Бул иш боюнча полиция 27-майда шектүү катары жабырлануучу баланын 49 жаштагы атасын колго түшүргөн.

Аты-жөнүн жашыруу менен видеону жөнөткөн жарандын айтымында, күн сайын баланын денелери канап, көк ала кетпей атасынан кордук көрүп жүргөн. Мындан сырткары, аны кирпич менен да уруп келгени айтылууда.

Учурда бул иш боюнча экспертиза дайындалып, тергөөчүлөр ишин баштады.

Белгилер:
кордук, жаш балдар, Шымкент
Электр линиясы. Архив

Кыргызстан Өзбекстандан электр кубатын кандай шартта алып жатканы айтылды

(жаңыланган 09:52 23.04.2021)
Министрдин айтымында, Өзбекстандан электр энергиясы азыр эле импорттоло баштады. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, электр энергиясы өлкөгө импорттоло баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз. Бул өлкөгө электр энергиясын сырттан алып келүү зарыл дегенди түшүндүрөт.

"Товар алмашуу шарты менен биз Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу тууралуу сүйлөштүк. Электр энергиясы импорттоло баштаган. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланып, жай мезгилинде тыныгуу болуп турат. Электр энергиясын кайтарып берүү жайында башталып, карызды үч жылдын ичинде берип бүтүп калабыз", — деди Турдубаев.

Буга чейин министр Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын алмашуу макулдашылганын айткан.

Ал быйыл Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 900 миллион киловатт-саат бере турганын белгилеп, коңшуларга кайра Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап бере турганын кошумчалаган. Муну менен Кыргызстан үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну коё берип, ошону менен кутулат.

Белгилер:
импорт, электр энергиясы, суу, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
"Кудайга шүгүр" жашаган элдин санын кантип билебиз? Абоненттердин статистикасы
Эртең Бишкектин 56 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев. Архивдик сүрөт

Министр: Кыргызстан Казакстанга берген электр кубатынан пайда көрөт

(жаңыланган 12:10 22.04.2021)
Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар башка чечимге келишти.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын бири-бирине берүү боюнча макулдашкандыгын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Аткаминер Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар кийинчерээк товар алмашуу боюнча макулдашкан.

"Быйыл Казакстан биздин энергосистемага 900 миллион киловатт-саат берет. Ал эми коңшуларга Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап беребиз. Биз үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну кое берип, ошол эквивалентте кутулабыз. Бул электр кубатын иштеп чыгуу үчүн сууну түтүк аркылуу агызышыбыз керек. Товар алмашууну нөлдүк коюм менен жасоону чечтик", — деди министр.

Ал электр энергиясын коңшулардан Кыргызстанга алып келип же аларга жеткирүү чыгымын казак тарап өз мойнуна аларын кошумчалады.

"Кыргызстан транзиттин эсебинен пайда көрөт. Бул киловаттына 0,0000001 доллар болот", — деген министр.

Эске салсак, Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз.

Белгилер:
алмашуу, сатуу, электр кубаты, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаров электр кубатынын баасын көтөрүүнү сунуштады
Тема боюнча
Жапаров электр кубатынын тарифин эки эсеге көтөрүүнү сунуштоодо
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

(жаңыланган 10:44 23.04.2021)
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов шал менен ооруган бейтап акыркы жолу 1993-жылы катталганын айтты.

Балдар арасында церебралдык шал, талма жана бала эненин курсагындагы кезинде же төрөлүп жатканда алган жаракатынан улам баш мээнин жабыркашы эң негизги көйгөй. Нерв ооруларынын пайда болушунун себептери баланын тубаса кемтик менен төрөлүшү, аны шарттаган тукум кууган оорулар, ата-эненин ден соолугу, жашоо образы, эненин канынын аздыгы себеп болот. Бул тууралуу Нурмухамед Бабажанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

Анын айтымында, полиомиелитке каршы балдарды массалык түрдө эмдөөдөн улам азыр өлкөдө бул илдет менен ооруган адам жок.

"Полиомиелит же шал оорусу курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө кичинекей балдар менен өспүрүм курактагылар оорушат. Ошентсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар бар. Оору борбордук нерв системасын, биринчи кезекте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга кептей тургандыгы менен кооптуу. Вирус кан аркылуу жүлүнгө барып булчуңдарды иштете турган мотордук клеткаларды талкалайт. Ошондуктан баланын колу-буту иштебей майып болуп калат. Ошондой эле кээде жутуу жана дем алуу булчуңдары да шал болуп, өлүмгө алып келген учурлар бар. Эгер бала шал болуп калса кайра толук калыбына келе албайт. Кыргызстанда 1960-жылдары полиомиелит менен ооруп калып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо үчүн Ак-Сууда санаторий ачылган. Акыркы жолу шал менен ооруган бейтап 1993-жылы катталган. Ал эми 2010-жылы коңшу Тажикстанда ооругандар катталып, биз үчүн кооптулук жаралган эле. Мурда төрөт үйүндө эле балдардын оозуна шал оорусуна каршы дары тамчылатып койчу элек. Азыр, кудайга шүгүр, аталган илдет менен жабыркаган балдар жок. Бирок дүйнө жүзүндө оору дагы деле бар. Алсак, Кыргызстанга вирустун очогу бар Индия, Пакистандан адамдар келип-кетип жатышат. Ошондуктан азыр улуттук календарь боюнча балдар жылына төрт ирет полиомиелитке каршы вакцина алышы зарыл", — деди Бабажанов.

Дарыгер 2010-жылдан бери шал илдетинин белгилери болгон балдардын анализи тоңдурулуп Москвадагы Чумаков институтуна жөнөтүлүп, ал жактан диагноз коюлуп жатканын кошумчалады.

Белгилер:
өспүрүм, бала, илдет, вирус, нерв, полиомиелит, Нурмухамед Бабажанов
Тема боюнча
Өлкөдө балдарга полиомиелитке каршы вакцина сайыла баштады