Параплан менен учкан Франция элчилигинин өкүлү Ташкенттин чет жакасына кулап көз жумду

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүМеждународный центр парапланеризма в Турции
Международный центр парапланеризма в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктаган адам кесипкөй учкуч-парапланерист болгон.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Өткөн ишембиде Франциянын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлү Франсис Делег Ташкенттин чет жакасындагы тоого кулап көз жумган. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Кырсыкка кабылган жаран кесипкөй учкуч-парапланерист болгон.

"Ал оперативдик коопсуздук кызматынын аймактык жетекчиси болгон. Ошондой эле Тажикстан менен Түркмөнстанга байланыштуу маселелерди караган", — деп элчиликтен билдиришти.

Маркумдун сөөгү азырынча Ташкентте. Учурда Өзбекстандын бийлиги менен сөөктү мекенине жеткирүү маселеси каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0