Казакстандык врач ардагердин денесинде 73 жылдан бери жүргөн окту алып чыкты

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүХирург операция учурунда. Архив
Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Денесинен алып чыккан окту ак халатчандар ардагердин өзүнө беришти.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Астана шаарынын №1 ооруканасынын дарыгери Сауле Хамзина Ата мекендик согуштун ардагеринин жамбашынан 73 жыл мурда тийген окту алып чыккандыгын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Ардагер 1925-жылы туулган. Ушул убакка чейин ооруганын айтып даттанбаган адам жакында эле жамбаш тушу шишип атканын көрүп, ооруканага кайрылган. Дарыгерлер оорулууну рентгенге тартып көрүп, денесинде 73 жыл мурда тийген ок калып калганын көрүштү", — деди дарыгер.

Анын айтымында, жамбаш сөөгү менен бутунун ооруп жатканына денесинде жүргөн ок себепкер экенин айтканда 92 жаштагы ардагерге дарыгерлер ишенген эмес.

Маалыматка караганда, окту алып чыгууга жети мүнөткө жетпеген убакыт сарпталган.

Денесинен алып чыккан окту ак халатчандар ардагердин өзүнө беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0