Казакстанда чагылган түшүп койчу менен миңден ашык кой өлдү

© Sputnik / Сергей Киркач / Медиабанкка өтүүЖайлоодогу койлор. Архив
Жайлоодогу койлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр койдун өлүгүнүн арасынан кишинин да сөөгүн табышкан

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Костанай облусундагы талаага чагылган түшүп, анын кесепетинен койчу менен миңден ашык кой өлгөнүн Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди. 

Аймактык прокуратуранын маалыматына караганда, чагылган кой жайылып жүргөн жерге 6-июлда түшкөн. Андан кийин талаада өрт чыккан. Аны өчүрүү үчүн келгендер 1406 кой күйүп кеткенин жана бир кишинин сөөгүн табышкан.

"Алдын ала маалымат боюнча койчу менен койлор чыккан өрттүн түтүнүнө ууланган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0