Казакстанда тестиер сууга аккан классташ кызын куткарып өзү чөгүп кеткен

© Sputnik / Федоренко Владимир / Медиабанкка өтүүРечка Нара
Речка Нара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экөө сууга түшүп жатканда бири агымы катуу дарыяга түшүп жатып чөгүп кеткен

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Костанайда 8 жаштагы Игорь Коцкий сууга аккан классташ кызын куткарып, өзү чөгүп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Казакстан "Алау" басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Шаар прокурорунун орун басарынын айтымында, кыз катуу коркуп калгандыктан окуя тууралуу ошол учурда айткан эмес.

Кийинчерээк экөө агымы катуу дарыяга түшүп жатканда Игордун чөгүп кеткени белгилүү болгон.

"Ал кызды түртүп чыгарганда бутактарды кармап сактанып калган. Бирок Игорь өзү жээкке чыга албай чөгүп кеткен. Баланы эрдик кылуу менен каза болду десек болот", — деди прокурордун орун басары.

Баланын жоголгондугу боюнча 4-июлда арыз келип түшкөн. Аны полиция, куткаруучулар жана ыктыярчылар издеп бир жумадан кийин Тобол дарыясынан сөөгүн табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0