Казакстанда атышуу болуп, шектүүлөр кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТапанча кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Тапанча кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Мангистау аймагында болгон

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Казакстандын Мангистау облусунда атышуу болуп, анын кесепетинен алты киши жаракат алган. Шектүүлөр кармалганын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Владивостокто бир бөтөлкө суунун айынан 18 жаштагы кыргызстандык өлтүрүлдү
Окуя 18-июлда түндө Курык Каракиян районунда болгон. Криминалдык талашып тартышуудан улам үч жигит ок атуучу куралдан оор жаракат алып, облустук ооруканага алып келинген. Дагы үч жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жабыркагандардын бирөө жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

Алдын ала маалымат боюнча 19-20 жаштагылар мушташып, кийин өздөрүнөн улууларды дагы чакырышкан. 10-15тей бала айылдын чекесине чыгып, атышууга чейин барышкан.

"Мушташка катышкандардын бири мергенчи мылтыгын алып чыгып, эки жолу ок чыгарган. Анын кесепетинен алты киши түрдүү жаракаттарды алган", — деген пикирин Мангистау облустук милициясынын криминалдык башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, учурда мушташка катышкандардын баары кармалып, кылмыштын бети ачылган. Алар мылтык колдонуп бейбаштык кылуу жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери боюнча айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0