Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин архивдик сүрөтү

Шавкат Мирзиёев 60ка чыкты. Өзбекстандын президенти тууралуу 7 факты

2097
(жаңыланган 17:32 24.07.2017)
Бүгүн коңшу өлкө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 60 жашка чыгып, туулган күнүн белгилеп жатат. Буга байланыштуу кабарчыбыз Таалайгүл Усенбаева президент тууралуу кызыктуу фактыларды тизмектеп чыкты.

Жерлиги. Шавкат Миромонович Мирзиёев 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунун Зааминс районунда туулган. Бирок айрым булактар Мирзиёевдин үй-бүлөсү Өзбекстанга 1960-жылдары барганын, Тажикстандын Уратюбинск облусунун Яхтан кыштагында төрөлгөнүн жазып жүрөт.

Апасынан эрте ажыраган бала. Болочок ажо дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарган, ал эми апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген. Бирок апасы кургак учук илдетин жуктуруп алып каза тапкан. Ошентип Шавкат жана анын эки карындашы энесинен эрте ажырап калган. Кийин атасы татар кызына үйлөнүп, андан эки балалуу болгон.

Илимий агартуучу. Мирзиёев 24 жашында Ташкентте ирригация жана мелиорация боюнча айыл чарба институтун аяктап, инженер-механик адистигине ээ болгон. Окуусун аяктаган соң ошол эле институтта кичи илимий кызматкер болуп иштеп, техника илимдеринин кандидатына чейин жеткен. 35 жашында ошол эле институттун биринчи проректору болуп дайындалган.

Саясий ишмердүүлүгү. Шавкат Мирзиёевдин саясий ишмердүүлүгү акимдик кызматтан башталып, мажилистин депутаты, губернатор дагы болгон. Кызматтан кызматка көтөрүлүп отуруп 46 жашында мурунку президент Ислам Каримовдун сунушу менен Өзбекстандын өкмөт башчысы болуп дайындалган. 

  • Двусторонняя встреча президента КР Алмазбека Атамбаева и Узбекистана Шавката Мирзиёева в Астане
    Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёевдин Астанада өткөн ШКУ саммитинин алкагындагы жолугушуусу
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Рабочий визит Алмазбека Атамбаева в Китай
    Өзбек президенти жубайы Зироатхан Хошимова менен Кытайга болгон мамлекеттик сапары учурунда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев со своей семьей в Ташкенте
    Шавкат Мирзиёевдин эки кызы, бир уулу бар
    © AP Photo / Anvar Ilyasov / Pool
  • Церемонии открытия новую трамвайной ветки в Самарканде
    Өлкө башчы Самарканд шаарында трамвайга түшүп калаа ичин аралады
    © Фото / пресс-служба президента Узбекистана
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёевдин Астанада өткөн ШКУ саммитинин алкагындагы жолугушуусу

Сулуунун жүрөгүн багындырган мугалим. Өлкө башчынын жубайы Зироатхон Хошимова да Ирригация жана мелиорация айыл чарба институтунда окуган. Ал кезде Мирзиёев мугалим болуп эмгектенчү. Ай чырайлуу сулуунун жүрөгүн багындыруу оңойго турган эмес. Анткени анын атасы Өзбекстандагы көрүнүктүү адамдардын бири, министр болгон. Мирзиёевдин өжөрлүгү акыры сүйүүсүнө жеткирген.

Бактылуу ата. Өзбекстан президентинин Шахноза жана Саида аттуу эки кызы жана Даврон аттуу уулу бар. Кыздары турмушка чыккан. Айрым маалымат булактары күйөө балдарынын бири Мирзиёевдин жансакчысы экенин жазып жүрүшөт.

Президенттиги тууралуу. Мирзиёев президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. 2016-жылдын 13-декабрында парламенттин токтому менен Өзбекстандын премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Ал эми 14-декабрда салтанаттуу түрдө ант берип президенттик кызматына киришкен.

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-мартында Өзбекстандын президенти катары алгачкы ирет чет өлкөгө иш сапары менен аттанып, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушкан.

2097
Белгилер:
факты, мугалим, президент, Шавкат Мирзиеев, Өзбекстан
Тема боюнча
Алтын колдуу Эрнст Акрамов 81 жашта! Дарыгер тууралуу 7 чындык
Атамбаев жөнүндө 10 факты. Саясаттан энелердин азабына чейин өздөштүргөн ажо
Укол кармап турган дарыгер. Архив

COVID: вакцинаны өз организминде сынаган казак окумуштууларынын абалы кандай

264
(жаңыланган 12:02 08.08.2020)
Вакцина Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан. Клиникалык сыноонун биринчи баскычы сентябрь айында баштала турганы айтылды.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцина иштеп чыккан жети окумуштуу аны өз организминде сынап көрүштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Коңшу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда изилдөөчүлөр өз ишин улантууда. Вакцина Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан. Мекеменин директору Күнсулу Закарьянын айтымында, окумуштуулардын абалы жакшы.

"Вакцина алган окумуштуулар өздөрүн жакшы сезүүдө, алар изилдөөсүн улантып жатат", — деди ал.

Вакцинанын клиникага чейинки сыноонун жыйынтыктары Дары-дармектерди экспертизалоо улуттук борборуна жөнөтүлдү. Ал жактан тиешелүү жумуштар аткарылып, жыйынтыгы август айынын ортосунда белгилүү болот.

COVID: ДССУ Казакстандын экинчи вакцинасын каттады

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин уруксатынан кийин вакцинанын клиникалык сыноосунун биринчи баскычы сентябрь айында баштала тургандыгы кабарланган. Ага 18ден 50 жашка чейинки 44 ыктыярчы катышмак. Экинчи клиникалык сыноо октябрь айынын ортосунда болуп, декабрь айында аяктайт. Эгер жакшы жыйынтык болсо, Жамбыл облусундагы заводдон чыгаруу пландалууда.

Казакстанда алгачкы жолу коронавируска каршы вакцина сайылды

Эске салсак, август айынын башында Казакстандын коронавируска каршы экинчи вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда (ДССУ) каттоого алынган эле.

264
Белгилер:
изилдөө, вакцина, коронавирус, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Вакциналар жарышы": Батыш башка эмдөөнү тааныгысы жок
Гамалея борборунда COVID-19га каршы балдар вакцинасын сыноо боюнча айтып беришти
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейтүү боюнча долбоор менен таанышуу учурунда

Шавкат Мирзиёев Ташкентти кеңейткени жатат

159
(жаңыланган 08:31 06.08.2020)
Негизи эле мамлекет башчы адистерге борбор калаанын генералдык планын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейтүү боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Жалпысынан Ташкенттин аймагына дагы 9 381 гектер кошуу пландалууда.

“Шаардын инфраструктурасы кеңейип, элдин саны өсүп бара жатат. Мындан улам Мирзиёев быйылкы жылдын май айында Ташкентте “Янги хаёт” (“Жаңы жашоо”) деп аталган жаңы район курууну сунуштаган”, — деп айтылат кабарда.

Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен сый болууга чакырды

Ошондой эле президент адистерге борбор калаанын генералдык планын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

 

159
Белгилер:
курулуш, шаар, аянт, Шавкат Мирзиеев, Ташкент
Тема боюнча
Атам колунан келгенин кылып жатат. Мирзиёевдин кызы элине кайрылды
Күзгө жетип деле калды. Өзбекстанда карантин мөөнөтү дагы узарды
Жамгыр. Архив

Күндүн көзү ачылбайт... Бир жумага карата аба ырайы

5
Келе жаткан аптада өлкөнүн көп бөлүгү жаан-чачындуу болуп, кээ бир жерде катуу жаагандыктан сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, жуманын баш жагында нөшөрлүү жаан-чачын көп болуп, сел жүрүү коркунучтары жаралат. Андан кийинки күндөрү дагы жаан токтобойт.

Бишкекте 9-августта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 13-август күнү күндүз жаан жаашы мүмкүн. Калган күндөрү күн ачык болот. 9-13-август күндөрү Чүй жана Талас облустарында мезгил-мезгили менен, айрым жерлерде катуу жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ушул эле күндөрү Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ал эми Ысык-Көлдө дагы келерки жумада жаан жаайт.

Ошондой эле Нарын облусунда күндүн көзү ачылбай, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.

5
Белгилер:
жаан-чачын, аба ырайы, Кыргызгидромет
Тема боюнча
Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү
Чагылган тийүүдөн кантип сактануу керек. Адистердин кеңеши