Египетте жоголгон казак студенттер табылып, мекенине кайтарылды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүРоссийские туристы в Шарм-эш-Шейхе
Российские туристы в Шарм-эш-Шейхе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык алты студент эмне себептен кармалганы азыркыга чейин айтыла элек

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Египетте жоголгон алты казак студент табылып, Казакстанга депортацияланды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

"Казак дипломаттарынын коштоосунда алты студент Казакстанга кайтуу үчүн Каирдин аэропортуна алып келинди", — деп өлкөнүн Тышкы иштер министригинин маалымат кызматынын жетекчиси Ануар Жайнаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды. 

Казакстандык студенттер эмнеге кармалганы азыркыга чейин так айтыла элек. Египеттин бийлиги студенттердин кармалышынын чоо-жайы тууралуу маалымат укук коргоо органдары тарабынан айтылат деп ишендирүүдө.

Москва шаарындагы кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы 16 миң кыргызстандык мигрант "кара тизмеден" чыгарылышы мүмкүн
Белгилей кетсек, Египеттин атайын кызматы 19-июлдан 20-июлга караган түнү тил курсунан окуу үчүн Каирге бараткан алты баланы кармаган. Жигиттер менен байланыш таптакыр үзүлгөндүктөн алардын жоголгону боюнча маалымат ЖМКларга тараган. Балдардын кармалганы Казакстан тарапка 25-июлда гана белгилүү болгон. Казак бийлиги Египеттен окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берүүнү талап кылганы менен жыйынтык болгон эмес.

1-августта Казакстан Египетке нааразычылык нотасын жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0