Кытайлык аял ымыркайын баштыкка салып курьерден балдар үйүнө берип ийди

© AFP / JOEL SAGETБольница Делафонтейн в Сен-Дени возле Парижа
Больница Делафонтейн в Сен-Дени возле Парижа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай мыйзамы боюнча бала таштаган ата-эне беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кытайдын Фучжоу шаарында жашаган аял жаңы төрөлгөн кызын баштыкка салып, курьер аркылуу балдар үйүнө берип жибергенин South China Morning Post гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Макалада айтылгандай, курьер баштык кыймылдап, андан ымыркайдын үнү угулганда полицияга кайрылган. Ал аманатты алып жатканда текшерейин десе, аял каршы болуп койгонун полицияга айтып берди.

"Бала дароо эле жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер анын бир нече күн мурун төрөлгөнүн айтып, абалын туруктуу деп баалашты. Ал эми 24 жаштагы энеси бала таштоо фактысы боюнча кармалды", — деп жазылат макалада.

Работа регионального перинатального центра в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайдын ашказанындагы түйүлдүк. Индиядагы аномалия
Кытай мыйзамы боюнча бала таштаган ата-эне беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ошондой эле кыз үй-бүлөсүнө кайтарылышы ыктымал деп дагы айтылган.

Социалдык тармактардын муну уккан колдонуучулары кыздан бир жолу баш тарткан үй-бүлөгө аны кайтарып берүү өтө кооптуу экенин айтып, нааразы болушууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0