Казакстанда пара катары уйдун кыгын талап кылган аким 18,5 миң доллар айыпка жыгылды

© Sputnik / Сергей Паршуков / Медиабанкка өтүүПрирода Республики Коми
Природа Республики Коми - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун чечими менен Жумахмет Доскалиев күнөөлүү деп табылып, мамлекеттик кызматта иштөө укугунан өмүр бою ажыратылды.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Казакстандын Атырау шаардык соту Аксай айыл аймагынын жетекчиси пара иретинде уйдун кыгын алгандыгы үчүн 18,5 миң доллар айып салды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Билдирмеге караганда, Аксай айылынан жер алууга уруксат берген документке кол койдуруу үчүн жергиликтүү жаран айыл жетекчиси Жумахмет Доскалиевге кайрылган.

"Жарандын мал кыгын сатуу менен ишкерлик кылганын билген аким 300 мүшөк кык талап кылган. Ишкер акимдин талабын аткарып, бирок кийин дагы бир документеке кол койдурушу керек болуп калат. Анысы үчүн жетекчи дагы 50 мүшөк кык сураган. Ошентип ишкердин жалпы чыгымы 620 долларга бааланды", — деп айтылат макалада.

Соттун чечими менен Жумахмет Доскалиев күнөөлүү деп табылып, ага 6202500 тенге (18,6 миң доллар) айып салынды. Мындан тышкары, мыйзамсыз жол менен табылган мүлкүнөн жана мамлекеттик кызматта иштөө укугунан өмүр бою ажыратылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0