Хиждаб кийген окуучулар. Архив

Тажикстанда окуучуларга хиджап кийип, сакал коюуга тыюу салынды

112
(жаңыланган 11:19 17.08.2017)
Окуучуларга ачык түстө боёнуп келүүгө да болбойт

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Тажикстандын Билим берүү министрлиги окуучулардын хиджап кийип жана сакал коюусуна тыюу салды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги билдирди.

Окуучу кыздарга хиджап, кыска жана чаптаган юпка кийүүгө тыюу салынды. Ошондой эле тырмактарын өстүрүп, бетине ачык макияж коюуга жана кулагына бирден көп сөйкө, колуна шакек тагууга да болбойт.

Ошол эле учурда улуттук баш кийим менен сабакка келүүгө уруксат берилет.

Окуучу балдарга сакал коюп, чачын өстүрүүгө болбойт.

Андан сырткары, окуучуларга тытылган джинсы жана башка мамлекеттин желеги же рекламалык жазуусу бар футболкаларды кийип келүүсүнө да тыюу салынат. Ал эми спорттук кийимдерди бир гана дене тарбия сабагында жана ишембилик учурунда гана кийүүгө болот.

Майрам күндөрү расмий бекитилген кийимдер гана кийилет. Окуучу балдар көк же коңур түстөгү костюм, ак көйнөктү галстук менен кийиши керек.

Кыздарга болсо көк же коңур түстөгү тизеден ылдый болгон юпка жана бут кийим, үстүнө болсо ак көйнөк кийип, галстук тагынышы зарыл. Ошондой эле атлас же адрас материалдарынан тигилген улуттук кийимдерди кийсе болот.

112
Белгилер:
кийим, мектеп, окуучулар, билим берүү, Тажикстан
Тема боюнча
Эмомали Рахмон хиджаб кийген жана сакал койгондорго кандай пикирде экенин айтты
Аял ымыркайын кармап турат. Архив

Калк тейлөө борборунан 20 мүнөттө төрөгөн келин. Алматыдагы окуянын видеосу

166
(жаңыланган 14:18 11.07.2020)
Саат 12:30да жетекчинин иш бөлмөсүндө кыз бала жарыкка келген. Анын үй-бүлөдөгү үчүнчү бала экени маалым болду. Калкты тейлөө борборундагылар келинди кол чаап узатышкан.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Алматыда кош бойлуу келин калк тейлеген борбордон көз жарды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги маалымдады.

Билдирмеге караганда, келин аталган жайга таанышынын батирине каттоого туруу үчүн келген. Бирок 10 мүнөттөн кийин толгоосу башталган.

Окуя тууралуу "Жарандар үчүн өкмөт" корпорациясынын башкаруучу директору Мурат Жуманбай айтып берген.

"Келин саат 12:00гө талон алган. Бирок 10 мүнөттөн кийин эле анын толгоосу башталды. Аны калкты тейлөө борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Калмырза Сейтбеков көрүп калып, дароо иш бөлмөсүнө алып кирип, кушеткага жаткырган. Андан соң тез жардам чакыртышкан", — деди жетекчи.

Бирок медицина кызматкерлери келгенде аны төрөт үйүнө алып барууга жетишпей каларын түшүнүшкөн. Мындан улам медиктер келинди ошол жерден төрөтүшкөн.

Жолдон төрөтүп, аман алып калган абысыныма ыраазымын. Ак жарык

Саат 12:30да жетекчинин иш бөлмөсүндө кыз бала жарыкка келген. Анын үй-бүлөдөгү үчүнчү бала экени маалым болду. Ал эми 20 мүнөттүн ичинде көз жарып медиктердин коштоосунда чыккан келинди эл кол чаап узаткан.

166
Белгилер:
видео, ымыркай, төрөт, Алматы, келин, Казакстан
Тема боюнча
Чүйдүн төрөт үйлөрү иштебей жатат деген маалымат төгүндөлдү
ЕАЭБ мамлекеттердин желектери. Архив

ЕАЭБ чек араларындагы көйгөйлөр тезирээк чечилет. ЕЭК жыйынынын жыйынтыгы

126
(жаңыланган 00:45 11.07.2020)
Комитет ЕАЭБдин ичинде товарларды эркин өткөрүүнү камсыз кылуу жана талаш маселелерди, келишпестиктерди жөнгө салган "Жол картасын" иштеп чыгуу менен алектенет. 27-июлга чейин Биримдиктеги өлкөлөр өз сунуштарын көрсөтүшү керек.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында Евразия экономикалык биримдиктеги товарларды өткөрүүгө байланыштуу талаш кырдаалды жөнгө салган комитет түзүлөт. Бул тууралуу ЕЭК маалымат кызматы кабарлады.

10-июлда ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Комитетти ЕЭК коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович жетектейт.

"Комитетке Биримдиктеги мамлекеттердин ыйгарым органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары, ошондой эле ЕЭК коллегиясынын мүчөлөрү Олег Панкратов, Гегам Варданян, Тимур Жаксылыков, Виктор Назаренко, Андрей Слепнев кирген", — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, комитет ЕАЭБдин ичинде товарларды эркин өткөрүүнү камсыз кылуу жана талаш маселелерди, келишпестиктерди жөнгө салган жол картасын иштеп чыгуу менен алектенет. 27-июлга чейин Биримдиктеги өлкөлөр өз сунуштарын көрсөтүшү керек.

"Жол картасына Биримдиктеги өлкөлөр арасында, анын ичинде ички чек араларда бир жактан экинчи жакка жөнөтүлгөн товарларды текшерүү иш-чараларын алып салуу же азайтуу кадамдары кириши мүмкүн. Мындан сырткары, планга товар айлантуудагы көзөмөл, каттоо жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу чечимдер да киргизилет. Жол картасын ЕЭК кеңеши бекитет", — деп жазылган билдирмеде.

ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды

Жол картасына сунушталчу маселелеринин ичинде транзитти жөнөкөйлөштүрүү көйгөйү да бар. Жыйындын жыйынтыгында ЕАЭБде транзитти жөнөкөйлөштүрүү боюнча келишимге кол коюу пландалып жатканы маалым болду.

"Башкы максат — бажы транзитинде бажы төлөмдөрүн төлөө системасын ыңгайлуу кылып түзүү. Бул келишим бажы төлөмдөрүн сөзсүз төлөө учурларына тиешелүү", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордо Макулдашуу суроолордун эки блогун жөндөй турганы айтылган.

"Биринчиси, декларанттар үчүн кыскартуу мүмкүнчүлүгүн колдонууну карайт. Алар транзиттик жүктөр менен иштөөдө тажрыйбасы бар жана аларга коюлган критерийлерге жооп бере алгандар. Сумманы азайтуу бир катар шарттарды сактагандыгына жараша 20 же 30 пайызды түзүшү мүмкүн", — деп билдирди маалымат кызматы.

Суроолордун экинчи бөлүгү кепилдикти өнүктүрүүгө багытталган. Ал бажы, салык, атайын, антидемпингдик, компенсациялык төлөмдөрүнүн милдеттүү аткарылышын камсыздаган ыкма катары каралууда.

Ал кепил (поручитель) болгондорду улуттук кепил катары таануу боюнча жалпы шарттарды аныктайт. Аны менен бирге эле алар үчүн каржылык гарантиянын көлөмүнөн 10дон 100 пайызга чейин кыскартып колдонууну карайт. Макулдашуудагы "жеңилдетилген" механизм тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ЕАЭБ алкагында жүк ташуусунда тарткан чыгымдарын азайтууга көмөкчү болот", — деп айтылган маалыматта.

Бул макулдашуу өлкөлөр жана Комиссиянын тыкыр иштелип чыккан бажы документтеринин бири. Бул боюнча иш 2015-жылдан бери Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин буйругунун негизинде жасалып келе жатат. Ал учурда иштелип аягына чыкты.

Жээнбеков Бирдиктүү евразия патенти боюнча маанилүү документке кол койду

Жыйында Евразия экономикалык биримдиктин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу тууралуу" техникалык регламентине да өзгөртүүлөр киргизилген. Анда ЕАЭБ "калыбына келтирилген сүт" түшүнүгүн киргизди. Калыбына келтирилген сүт — бул кургатылган сүттөн жасалган азыктар. Буга чейин биримдикте "сүт суусундугу" деген гана түшүнүк бар болчу.

Мындан сырткары, ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөө жобосуна да өзгөртүүлөр киргизилгени айтылды.

126
Белгилер:
транзит, сунуш, техникалык регламент, өзгөртүүлөр, комитет, жыйын, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Назаралиев: ЕАЭБ өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү биржа рыногу түзүлөт
Колбы с реагентами для экспресс-тестов на коронавирус в лаборатории в технопарке Сколково.

Россиянын коронавируска каршы вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өттү

0
(жаңыланган 11:20 12.07.2020)
Окумуштуулардын айтымында, вакцина сайылган ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчи тобу 20-июлда ооруканадан чыгат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россияда иштелип чыккан коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Сеченов университетинин Трансляциондук медицина жана биотехнология институтуна шилтеме кылып жазып чыкты.

Аталган илимий мекеменин директору Вадим Тарасовдун айтымында, вакцина сайылган ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчи тобу 20-июлда ооруканадан чыгат.

Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү

"Сеченов университети дүйнө жүзүндөгү биринчи вакцинанын сыноосун ийгиликтүү аяктады", — деди Тарасов.

Ал ошондой эле вакцина сайдырган адамдар узак убакыт обочодо болгондуктан аларда көйгөйлөр жаралып, жардамга психологдор келгендигин кошумчалады.

Ал эми Медициналык паразитология институтунун директору Александр Лукашев ал изилдөөдө дарыны колдонуу адамдын ден соолугуна коопсуз экендигин билүү зарыл болгондугун айтты.

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

Эске сала кетсек, июндун ортосунда РФтин Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинанын эки түрүн клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергенин жар салган. Препараттар Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан.

Сыноо Коргоо министрлигинин Бурденко атындагы госпиталында жана Сеченов медицина университетинде ыктыярчыларга жүргүзүлүүдө.

0
Белгилер:
сыноо, вакцина, изилдөө, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты
Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү
COVID: "Авифавирди" амбулатордук түрдө колдонууга уруксат суралууда