БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Самарканддын аба майданынан бажы кызматкерлери Меккеге ажылыкка бара жаткан жарандын жанынан 6 миң доллар жана 72 грамм апийим тапкан. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан кабарлады.
Тергөөчүлөр кылмыш ишин козгогон. Чет элдик валютаны мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылганы үчүн ал сегиз жылга чейин темир тордун артында отурушу мүмкүн.Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, чет жакка 2 миң доллардын ашык акча алып чыгууга болбойт. Ал эми 2 миңден 5 миң долларга чейин алып чыгуу үчүн Борбордук банктын же башка ыйгарым укуктуу тараптардын уруксаты болушу кажет.
Өзбекстан өкмөтүнүн Диний иштер боюнча комитетинин маалымына караганда, 7-23-август ичинде аталган өлкөнүн жети миңден ашуун жаранына ажылык сапарга барууга квота берилген.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзбекстанда беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратуранын маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.
"Студенттердин сөөгү 27-февралда саат 20:50лөр чамасында табылган. Юнусабад районунун прокуратурасы "Бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп жазылат маалыматта.
Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга барат. Маалыматты президенттин маалымат кызматы тастыктады.
Сапардын статусу жана программасы азырынча белгисиз. Президенттик аппарат толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү мамлекет башчынын Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнө дагы барышы болжолдонууда.
Бул жуманын башында Россияга жумушчу сапары менен барып келген.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.