Казакстанда мушташкан балдарды ажыратпаган полиция кызматкери талкууга түштү

Жазылуу
Интернетке жарыяланган видеодо көрүнгөндөй эки бала полициянын көз алдында мушташкан

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Казакстанда мушташкан балдарды ажыратпаган полиция кызматкери талкууга түштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

 

Публикация от Есьже, я приезжий! (@eap_kz) Авг 19 2017 в 1:20 PDT

 

Видеодо эки баланын полициянын көз алдында мушташканын көрүүгө болот. Укук коргоо кызматкери аларды ажыраткандын ордуна эч нерсе болбогондой жол кыймылына көзөмөл кылып, колундагы таягы менен айдоочуларга белги берүүнү уланткан.

Столкновения во время митинга оппозиции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы мигранттар массалык түрдө мушташып кетти. Күбөнүн видеосу
Таяк жеп жаткан бала укук коргоо органынын өкүлүнөн жардам сурап, аны айланчыктап качканына карабай полиция эч кандай чара көргөн эмес.

Айрым интернет колдонуучулар полиция мындай учурда эмне кылышы керек деп суроо салышса, кээси ал өзүнүн милдетин аткарып жатканын билдиришти.

Бул видео кайсы жерде тартылганы так жазылган эмес. Бирок айрым интернет колдонуучулар мушташ Алматы шаарындагы "Алтын-Орда" базары жакта болушу ыктымалдыгын жазышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0