Өзбекстандын акча рыногунда ири реформа башталды

Жазылуу
Өзбекстандын жарандары эми валютаны эркин алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Өзбекстан валюталык саясатын либералдаштырып жатат. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев кол койгонун Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Мыйзам юридикалык жана жеке жактарга валютаны эркин алмаштырууга уруксат берет.

Буга байланыштуу 5-сентябрдан тарта Өзбекстандагы юридикалык жактар эл аралык төлөмдөрдү аткаруу үчүн коммерциялык банктардан чет элдик валютаны чексиз суммада ала алышат.

Непалдык ишкер, миллиардер Бинод Чоудхари. Архив - Sputnik Кыргызстан
Непалдагы жападан жалгыз миллиардер КР ишкерлерине кеп-кеңеш берди
Ошондой эле акча алмаштыруучу жайлар пайда болуп, жеке жактар андан чет элдик акча сатып же сатып алууга жол ачылат. Ал эми импорт менен алектенген жеке ишкерлер юридикалык жакты түзбөстөн эле чет элдик валютаны банктык эсептерден ала алышат.

Буга чейин өзбекстандык экспортерлор чет элдик валютаны сөзсүз түрдө мамлекетке сатууга милдеттүү болгон болсо, эми бул норма толугу менен жоюлду.

Фермердик чарба ээлери жана жеке ишкерлер юридикалык жактарды түзбөстөн эле чет элдик валютасын банктык эсебинен накталай ала алат.

Анткен менен эркин валюталык рынокто импорттук товарлар кымбаттап, ата мекендик продукциялардын дефицити жаралышы мүмкүн. Буга байланыштуу Мирзиёев айрым товарлардын жетишсиз болуп калышына жана социалдык деңгээлде маанилүү кызматтардын кымбатташына жол бербөөгө милдеттендирди.

Ошондой эле мамлекет башчысы мыйзамсыз акча алмаштыруу жайларын жок кылуу буйругун берди. Буга чейин жарандарга чет элдик акчаны алмаштырып же сатууга банктар эмес, базарлар ыңгайлуу болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0