Назарбаев небересинин баңгизат колдонорун биринчи болуп билген

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүШприц. Архив
Шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айсултан Назарбаев баңгизатка кантип көз каранды болуп калганын, дарыланууга ким жардам бергенин жана алдыга койгон максаттары жөнүндө айтып берген.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан башына мүшкүл иш түшкөн учурда баңгизатын колдонгонун моюндаганын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Айсултан Назарбаев социалдык тармакка чоң атасы, академик Мухтар Алиевдин өлүмү жана Австриянын түрмөсүндө атасы Рахат Алиев өзүнүн жанын кыйганда абдан кыйналганын жазып чыккан.

"Бакытка бөлөнгөн деп кеп кылынган жаш Айсултан жер планетасындагы эң бактысыз адам. Мындай учурда жан дүйнөңдү өрттөп жаткан ооруну сезбеш үчүн колдон, буттан айрылууга да даяр болуп каласың", — деп Айсултан билдирген.

Ал жашоонун оор сыноосу учурунда үй-бүлөсү, айрыкча таятасы Нурсултан Назарбаев өзгөчө колдоо көрсөткөнүн белгилеген.

"Өлкө президенти күндүз 17 миллион адамдын көйгөйүн чечсе, кечинде небересине көңүлүн бурчу. Ошол учурда ал канчалаган энергиясын, ден соолугун, күчүн мага жумшаганын сезбегендиктен баңги затын колдондум", — деп Айсултан жазган.

Ал ошондой эле баңгилик коомчулук үчүн социалдык көйгөй болсо, адам үчүн кадимки оору экенин моюндаган.

"Алгач көйгөйлөр жоголуп, жашоо кереметтей сезилип, бардыгы алдыда деп ойлойсуң. Бирок бул башталышында гана. Баңги денени ууландырып, ар кандай ооруларды пайда кылат. Өтө эле берилип кеткендер жаш курагында көз жумат", — деди Айсултан.

Анын айтымында, алгач ал кесиптештери, үй-бүлөсү жана элдин пикиринен корккон. Бирок эң алгач таятасына айтууну чечкен.

Глава общественного фонда Альтернатива в наркологии Ирина Пугачева - Sputnik Кыргызстан
Тирүүлөй чирип, жытыман жаныма киши тура алчу эмес... Баңги тууралуу маек
"Башка президент болгондо мындай көйгөйдү жашырууга аракет жасамак. Бирок андайга Нурсултан Назарбаев барбайт. Таятамды өз атамдай кабыл алам. Ал "ачыгын айтканың үчүн азаматсың! Бул оор илдетке кабылган сен биринчи жана акыркы эмессиң. Аны жеңүүгө сенин күчүң жетет" деди. Таятам менен сүйлөшүп жатып ооруну жеңем деп сөз бердим. "Жарайт, Айсултан мага сөз берсе, сөзсүз түрдө аткарат" деп жай гана жооп берип койду", — деп Айсултан эскерди.

Ал Нурсултан Назарбаевдин алдында милдеткер экенин айтып, учурда үй-бүлөсүнүн курчоосунда бактылуу экенин белгилеген. Ошондой эле келечекте баңги заты менен күрөшүү боюнча кайрымдуулук фондусун ачууну көздөп жатканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0