Кытай: чырдашкан келиндер балдарынын чыңырып ыйлаганына карабай мушташты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи женской драки
Случаи женской драки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачууланган аялдарды балдарынын чыңырып ыйлаганы да токтото алган эмес.

БИШКЕК, 6 сен — Sputnik. Кытайда унаа токтотуудан пикир келишпестик чыгып, эки келин балдарынын көзүнчө мушташып кетишти. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды. 

Маалыматка караганда, окуя Гуандун провинциясынын Юньфу шаарында биринчи окуу күнүндө болгон. Эки келиндин мушташып жатканын жанындагылар видеого тартып алган.

Китаянка родила прямо на улице и пошла дальше - Sputnik Кыргызстан
Кытай: кош бойлуу аял көчөдө көз жарып, баласын көтөрүп, андан ары басып кетти
Видеодон көрүнгөндөй, алар баладарынын чыңырып ыйлаганына карабай бири-бирин тепкилеп, койгулап, чачташып жатышат. Кичине кызы ортого түшүп ажыратууга аракет кылганы менен жыйынтык болгон эмес. Экинчи бала апасын бейтааныш аял уруп жатканын көрүп ыйлап отуруп алган. Кийинчерээк аялдарды жанында тургандар ажыратышкан.

Маалыматта жаңжалдын чыгышына аялдардын бирөө туура эмес жерге машинасын токтотуп, мектептин унаа токтотуучу жайына өтчү жолду тосуп койгону себеп болгону айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0