Казакстандын тургуну эки жаштагы баласына укол жасап, ал эсин жоготту

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүНИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина
НИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканага баратканда наристени жасалма дем алдыруучу аппаратка кошууга туура келген

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Казакстандын тургуну дарыгерлердин макулдугусуз эле эки жаштагы баласын антибиотиктер менен дарылап, ал эсин жоготконун tengrinews сайты жазып чыкты.

Караганданын тургуну эски рецепт боюнча антибиотиктерди сатып алган. Өспүрүмгө биринчи жолу укол жасаганда эле ал өзүн жаман сезип, дем алуусу оорлогон. Бир аздан кийин такыр эле дем албай калган.

Жүрөгү түшкөн аял Тез жардам чакырып, ооруканага баратканда өспүрүмдү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошууга туура келген.

"Бала өтө оор абалда болчу, ал клиникалык өлүм абалында келген. Учурда ал кайра жандандыруу бөлүмүндө, өзүнө келе элек", — деп жергиликтүү саламаттык сактоо башкармалыгынан маалымдашкан.

Андыктан дарыгерлер өз алдынча дарыланууга болбой турганын эскертишүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0