Кытай окумуштуулары физика мыйзамдарына баш ийбеген кыймылдаткыч жасады

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЛаборатория инновационных медицинских технологий в Долгопрудном
Лаборатория инновационных медицинских технологий в Долгопрудном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кыймылдаткыч күн системасынын четине бир нече айда жетүүгө жардам берет

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кытай окумуштуулары EmDrive аталышындагы кыймылдаткыч жасады. Ал физика мыйзамдарына баш ийбестен иштей алат. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Видеодо жабдыктын техникалык сырлары ачылган эмес. Бирок ал жакынкы аралыкта космосто сыналары айтылып, анын иштөөсүнө мунай заттын кереги жоктугу белгиленген.

EmDrive жабдыгынын сырткы көрүнүшү капталынан жаткан чакага окшош. Окумуштуулардын айтымында, кыймылдаткычтын кубаты космос кемелерин күн системасынын четине ондогон жылдарда эмес, бир нече айда жетүүгө жол ачат.

Жаңылыктар түрмөгү
0