Тажикстандык карыя неберелерине Путин жана Шойгу деген ысым берди

© © SputnikТажикстандык Рахмон Жураев неберелерине Путин жана Шойгу деген ысым берген
Тажикстандык Рахмон Жураев неберелерине Путин жана Шойгу деген ысым берген - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жураевдин неберелеринин өзгөчө аты Россияда гана эмес, Тажикстанда дагы кызыгуу жараткан

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Тажикстандык Рахмон Жураев неберелерине Путин жана Шойгу деген ысым бергендигин Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

© © SputnikТажикстандык Рахмон Жураев неберелерине Путин жана Шойгу деген ысым берген
Тажикстандык Рахмон Жураев неберелерине Путин жана Шойгу деген ысым берген - Sputnik Кыргызстан
1/2
Тажикстандык Рахмон Жураев неберелерине Путин жана Шойгу деген ысым берген
© © SputnikЖураевдердин үй-бүлөсү Россиядагы Александров шаарына жакын жердеги кыштакта жашашат.
Жураевдердин үй-бүлөсү Россиядагы Александров шаарына жакын жердеги кыштакта жашашат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жураевдердин үй-бүлөсү Россиядагы Александров шаарына жакын жердеги кыштакта жашашат.
1/2
Тажикстандык Рахмон Жураев неберелерине Путин жана Шойгу деген ысым берген
2/2
Жураевдердин үй-бүлөсү Россиядагы Александров шаарына жакын жердеги кыштакта жашашат.

Жураевдердин үй-бүлөсү Россиядагы Александров шаарына жакын жердеги кыштакта жашашат. Алар учурда жаңы үй куруу менен алек болуп жаткан кези.

Празднование дня государственного флага Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
ТОП-5. Аты-жөнү окшош белгилүү кыргызстандыктар
Рахмон Жураев Россия лидерлеринин дүйнө үчүн кылып жаткан эмгектерин баалагандыктан ушундай чечимге келгенин айтты.

Карыянын орус бийлигине болгон сый-урматын мындан билсе болот, анын үйүндө музей катары кооздолгон бир бөлмөсү бар. Дубалында Владимир Путин, Сергей Шойгу, Москва мэри Сергей Собянин, чечен лидери Рамзан Кадыров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сүрөттөрү илинип турат.

Жураевдин айтымында, неберелеринин өзгөчө аты Россияда гана эмес, Тажикстанда дагы кызыгуу жараткан.

"Жайында балдар апасы менен Тажикстанга барып келишти. Аларга кызыгуу аэропорттон эле башталыптыр. Путин менен Шойгу учуп келгенин билген мекендештер серенасы бар унаалар менен келип, үйгө чейин коштоп жеткирип коюшуптур", — деди Жураев.

Эмки небереге кандай ат коесуз деген суроого ал эч ойлонбой туруп "Собянин" деп жооп берди.

Ошондой эле ал болочоктогу небере кызына Россиянын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун ысымын берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0