Тик учак. Архивдик сүрөт

Тажикстанда аэропорттун директору президентти узатып жатып каза тапты

1887
(жаңыланган 15:35 15.09.2017)
Жетекчи тик учакка өтө жакын турганы айтылууда

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Тажикстандын Хорог шаарындагы аэропорттун жетекчиси Дилдор Максудшоев президенттин тик учагын узатып жатып каза тапканын Sputnik Тажикстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ түштөн кийин тажик президенти Эмомали Рахмонду Дарваз районунан Душанбе шаарына узатып жатканда болгон. Максудшоев тик учакка өтө эле жакын турган. Кеменин абага көтөрүлүшүнөн пайда болгон катуу шамалдан улам бутунун алдындагы килем түрүлүп, ага кошо оролуп кеткен Максудшоев ташка барып урунган да, катуу жаракат алып, ооруканага бараткан жолдо каза болгон.

Укук коргоо органдары кырсыкты кокустук деп баалоодо.

60 жаштагы директордун тажиясы бүгүн Хорог шаарында болмокчу.

1887
Белгилер:
тик учак, аэропорт, Тажикстан
Тема боюнча
Адам өмүрүн алган жол кырсыктын күнөөкөрүнө 1 млн. сом айып салуу сунушталууда
Жөө адамга жол бер! Кайгуул милициясы айдоочуларды тартипке чакырууда
Токтогул менен Жайылда болгон жол кырсыктан беш киши каза болду