Өзбекстан мьянмалык 50 миң качкынга гуманитардык жардам жөнөттү

© REUTERS / Danish Siddiqui Мьянмалык качкындар
Мьянмалык качкындар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берилген гуманитардык жардамдын ичинде күрүч, шекер, жаңгак, кургак сүт, печенье, жууркан-төшөк, бут кийим, дары-дармек жана минералдык суу бар

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Өзбекстан Бангладешке келген мьянмалык 50 миң качкынга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу РИА Новости "Жахон" маалымат агенттигине таянуу менен билдирди.

18-сентябрда Өзбекстандын жиберген жардамы Бангладештеги Кызыл жарым ай коомунун Дакка шаарындагы башкы кеңсесине жеткирилген.

Маалыматка ылайык, берилген жардамдын ичинде күрүч, шекер, жаңгак, кургак сүт, печенье, жууркан-төшөк, бут кийим, дары-дармек жана минералдык суу бар.

Буддийский монах читает книгу в монастыре - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык буддачылар Мьянма бийлигине ачык кат менен кайрылды
Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги мусулмандарга карата жасалып жаткан зомбулукту токтотууга бардык аракеттерди көрүүгө чакырган. Ошондой эле Мьянма качкындарына гуманитардык жардам жиберүү чечимин кабыл алган.

Кыргызстандын муфтияты да бейкүнөө кишилерге жасалган зомбулукту сынга алган.

Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда дининдеги бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдардан бери уланып келет. Чатак аталган мамлекетте бийлик аскерлерден жарандык өкмөткө өтүп, демократиялык реформалар башталганда күч алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0