Түркмөн президенти спорт жөнүндө китеп жазды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедов. Архивное фото
Президент Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркмөн президенти адабиятка жакын. Быйыл эле аскерлер жана ички иштер органдары боюнча эки китеп жазган

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов "Спорт — достукка, сулуулукка жана ден соолукка карай жол" деп аталган китеп жазып, бет ачарын өткөрдү. Бул туурасында РИА Новости "Нейтральный Туркменистан" басылмасына таянып кабарлады.

Бердымухамедов учит генералов метать ножи и стрелять — видео с полигона - Sputnik Кыргызстан
Бердымухамедов генералдарга тапанчадан таамай атканды үйрөттү. Полигондогу видео
Түркмөн президенти адабиятка жакын. Быйыл эле аскерлер жана ички иштер органдары боюнча эки китеп жазган. Былтыр мамлекет башчынын калеминен алты эмгек жаралып, алар түркмөн килемдерине, музыкага, макалдарга, ахалтекин аргымактарына жана башка баалуулуктарга арналган.

Китептин бет ачары чоң салтанат менен өтүп, ага бийлик өкүлдөрү, коомчулук, спортчулар, интеллигенция, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана ЖМКлар катышты.

Китеп дене тарбия көнүгүүлөрүнүн маанисине жана анын адам баласынын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу жазылган.

Андан сырткары, Ашхабадда өткөн жабык имараттагы жана жоокер өнөрү боюнча V Азия оюндарына, анын ичинен алдыңкы орунду алган түркмөн командасына китепте бир топ орун берилген. Китеп англис жана түркмөн тилдеринде чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0