Путин Назарбаевди ЖЕЭК жыйынынын алдында кепке тартты. Видео

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств СНГ
Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталар алдында Путин Назарбаевге басып келип сүйлөшкөн

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталар алдында казак президенти Нурсултан Назарбаевди кепке тартты. Алардын видеосун журналист Дмитрий Смирнов Twitter баракчасына жазды.

Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков принимает участие в саммите ЕврАзЭС - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салууну тапшырды
​11-октябрда Сочи шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өттү. Кыргызстандын атынан Алмазбек Атамбаевдин ордуна премьер-министр Сапар Исаков барган.

Видеодо көрүнгөндөй Путин ордунан туруп Назарбаевдин жанына барып, аны менен бир нерселерди сүйлөшүп турганын көрүүгө болот. Бир аздан кийин алардын сүйлөшүүсүнө казак делегациясынын мүчөлөрү дагы тартылган.

Аталган жыйындын алкагында Исаков Назарбаев менен кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча сүйлөшкөн. Андан соң Назарбаев казак өкмөтүнө чек арадагы маселени чечүүнү тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0