Астана кыргыз-казак чек арасында эмне менен күрөшүп жатканын ачыктады

© Sputnik / Анатолий УстиненкоРабота полицейских Казахстана
Работа полицейских Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күчөтүлгөн фитосанитардык текшерүүнүн алкагында 105 жүк ташуучу унаа кароодон өтүп, 692,6 тонна карантиндик продукция аныкталган

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Казакстандын маалымат жана коммуникация министрлиги Кыргызстан менен болгон чек араны көзөмөлдөө эмнеге күч алганын айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Ведомствонун маалыматына караганда, күчөтүлгөн текшерүү иштери ЕАЭБдин талаптарын аткарууга байланыштуу болуп жатат.

"Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасындагы күчөтүлгөн текшерүү иштери пландык негизде жүрүүдө. Көзөмөл ЕАЭБдин талаптарын аткаруу жана мыйзамсыз импортко жол бербөө максатында аткарылып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Күчөтүлгөн фитосанитардык текшерүүнүн алкагында 105 жүк ташуучу унаа кароодон өтүп, 692,6 тонна карантиндик продукция алынган.

Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абал жоюлбаса кандай кадамга барарын айтты
Ошондой эле бир сутканын ичинде 131 жеңил автоунаа текшерилип, 13 мыйзам бузуу аныкталган. Жалпысынан жарандарга 285 миң теңге айып салынып, жүргүнчү ташыган бир автобус айып короого токтотулган. Себеби айдоочунун эл ташууга уруксат берген документи жок болуп чыккан.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети болсо 11-октябрь күнү террордук, контрабандалык иштер менен шугулданган адамдарды аныктоо үчүн пландык операция жүргүзүлгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0